СУПЕРСТАН: "Бакыт үчүн насыя эле эмес, бардык курмандыктарга барса болот"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бакыт үчүн насыя" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Азыр көпчүлүк насыя маниясы менен ооруйт. Жакшылык-жамандыкта ойлонбой туруп насыя ала коёбуз. Кээде бакыт үчүн дагы. Мисалы: насыя алып үйлөнмөй, калың бермей, сеп даярдамай... Ушундай бакыттын кереги барбы?"
"Насыя алып үйлөнбөй эле коюш керек деп ойлойм. Кийин аялыңа "сени насыяга алгам" деп айтасыңбы?"
"Кредит - бул арам акча. Аны иштеткенге болбойт. Ал эми той-аштарга өздөрүнүн деле акчалары жетет. Болгону эл көзүнө, душман көзүнө дүңгүрөтүп той беришибиз керек деп насыя алышат. Ушинтип болгон акчабызды чачып алабыз. Эртеси бири-бирибизди тиктеп отуруп калабыз. Аны төлөш керек, ошол мезгилде көйгөйлөр башталат. Негизинен эле чоң той берүүнүн кереги жок, бекерден-бекер ысырапкорчулук".
"Бакыт үчүн насыя эле эмес, бардык курмандыктарга барса болот".
"Жакында мен да ушундай окуя уктум. Бир үй-бүлө кызынын себин укмуш кылабыз деп насыя алышат. Натыйжада карызга батышат, кызы да ажырашып кетет. Арам нерсе жукпайт деген чын да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Насыя гоштон нак опко деген соз бар кыргызда. Ач отурсанда тынч отур. Эл корсун кожо корсун деп кредит алып той берип авторитет топтоп мактангыча. Кысчуу жерди кысыып арканы караап иш кылган жакшы болот.
Кредитти тологонго козу жеткен алыш керек ал мн деле бизнес кылса болот