Германиядагы соода борборунда 18 жаштагы жан кечти элге карата ок атып, 10 адам окко учту



22-июль күнү кечинде Германиянын Мюнхен шаарындагы "Olimpia" соода борборунда 18 жаштагы ирандык жаран куралдан ок чыгарган. Натыйжада 10 адам каза таап, 16 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ошол жерде жок кылынган жан кечти Германиянын жана Ирандын жарандыгына ээ экени аныкталды. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Окуя болгон маалда шаарда жол кыймылы бир топко токтоп калган. "Азырынча тиешелүү далилдер жок болгондуктан, бул көрүнүшкө теракт деп баа берүүгө болбойт" деп белгилешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

bilip bilbei suiloi bergen tuura emes
Сен тероррист, мен мусулман...