Ысык-Көлдөгү “Алтын-Жай” пансионатында скутер менен аялды сүзүп алган казак жараны мас абалда болгон
Ысык-Көлдөгү “Алтын-Жай” пансионатында скутер менен бир аялды сүзүп алган казак жараны мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн SUPER.KG порталына билдиришти.
“Жабыркаган аял 1951-жылы туулган Ош облусунун тургуну болгон. Ал денесинен ар кандай жарааттарды алып, ооруканага жеткирилген, бирок милицияга арыз жазган эмес. Ал эми жабырлануучуну сүзүп алган казак жараны ошол учурда мас абалда болгон. Ал скутерди ижарага алып айдап жүргөн”, - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Айта кетсек, окуя 24-июль күнү аталган пансионатта орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Турист деп эле кунумдук кирешебизди эсептеп колубуздун тазалыгын ойлобосок 30-50 жылдан кийин турист эмес озубуз да баргыс болобуз Колго