super.kg logo

Чүйдө “айдоочуга бычак сайып, акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен” деп шектелгендер кармалышты

 

Чүйдө “айдоочуга бычак сайып, акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен” деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү саат 03:30 чамасында болгон. Анда эки белгисиз адам Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен таксисттен “Манас” аэропортуна жеткирип коюшун суранышкан. Аэропортко аз калганда эки жүргүнчү айдоочуга бычак сайып, 1500 сом акчасын, кымбат баалуу уюлдук телефонун алып, изин жашырып кетишкен. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн бири З.Б. Бишкек шаарынан, ал эми Э.М. аттуу жаран Талас облусунан кармалган. Учурда аларга карата “каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: