Ирактын Эль-Халис шаарына жакын жердеги жардыруудан 14 адам каза тапты

Ирактын Эль-Халис шаарына жакын жердеги жардыруудан 14 адам каза таап, 30дан ашык адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, жардыруу бүгүн эртең менен болуп, жардыруучу зат унаанын ичине коюлган. Жарылуу унаалар көп топтолгон шаарга кире бериш жерде болгондуктан, жабыркагандардын жана каза тапкандардын саны артышы мүмкүн. Азырынча бул окуя боюнча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Айта кетсек, июль айынын башынан бери Иракта жардыруулардын кесепетинен 292 адам каза тапкан. Буга окшогон окуяларды “Ислам мамлекети” аталган топ өз жоопкерчилигине алып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
raku

25.07.2016. 15:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш болду го экстремисттер... Кеч болуп кете электе, биз дагы ашыры исламдашууну токтотушубуз керек...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.