Өлкөнүн "Ички миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү кирди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Ички миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - ички миграция тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү. "Ички миграция жөнүндө" мыйзамдын жоболорун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына шайкеш келтирүү.
Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору калкты каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, өкмөттүн укуктарын аныктоо жана тактоого багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

