super.kg logo

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 адам сууга чөгүп каза тапкан

 

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 адам сууга чөгүп каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

Бороновдун айтымында, каза тапкандардын 57си акыркы эки айда сууга чөгүшкөн.

Сууга чөгүп каза тапкандардын көпчүлүгү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет. Кырсыктын келип чыгуусуна көп учурда адамдардын этиятсыздыгы себеп болууда. Ош шаарында болгон окуя буга мисал болот. Анда суунун жээгинде сүрөткө түшүп жаткан келин ташка тайгаланып сууга агып кеткен. Аны куткарам деп күйөөсү жана досу да сууга чөгүп кетишкен”, - деди Боронов.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча да иштер жүрүп жатканына токтолду.

Аймактарда сууга түшүүгө мүмкүн болгон жерлерде коркунучтарды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Ысык-Көл облусундагы 64 пансионатта куткаруучу-суучулдар бар”, - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.07.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр баары эле интернет учун суротко тушуп,жанын да ойлошпойт экенда.
Андан сырткары мас абалында да сууга тушушот.
Жаш наристелерди да этият кылгылачы туугандар.
26.07.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: