Өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарына туура келет
Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 6 айында 124 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталып, 21 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдар 31 пайызга, каза тапкандардын саны 25 пайызга азайган.
“Өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү Жалал-Абад (37), Чүй (23), Ош (19) жана Баткен (16) облустарына туура келет. Максималдуу зыянды май-июнь айларында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын аймагында болуп өткөн сел кырсыктары алып келген. Селдин кесепетинен ички чарбалык жолдор, көпүрөлөр, турак жайлар жана короо-сарайлар жараксыз абалга келген”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.