Борбордо "үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана эки уулун бычактап кеткен" деген шек менен эки адам кармалып, дагы үчөө изделүүдө



Борбор калаада "үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана эки уулун бычактап кеткен" деген шек менен эки адам кармалып, дагы үчөө изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 1995-жылы туулган Б. у. Сыргак аттуу тургуну жана Нарын облусунун 1994-жылы туулган тургуну А. у. Саламат кармалган. Учурда кармалган жарандар күнөөсүн мойнуна алып, кылмыштуу топтун Нурсултан, Гүлжигит жана Бектур аттуу мүчөлөрүн издөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Казабаев.
Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга да катыштыгы бар же жок экенин аныктоо иштери улантылууда.
Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап, өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын да бычактап, изин жашырып кетишкен.


катуу бир чара жээ закон чыгарышпайбы???