Паспорт алуу жеңилдеди, жарандар 15-августтан баштап паспортту катталган жайына эмес, жашаган жерине карап ала баштайт

15-августтан баштап паспорт-виза бөлүмдөрү документтерди каттоосуна эмес, жашаган жерине карап кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августтан баштап Бишкек шаарынын бардык райондорунда жана Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында документтерди кабыл алмакчы. Иш-чара "Паспорт", "Жарандык актыларды каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системинин алкагында жүзөгө ашат. Ал эми Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча паспорт-виза бөлүмдөрү документтерди 2016-жылдын сентябрь айынан тарта кабыл ала баштайт.
Буга чейин паспортту Бишкектеги аймактар аралык калкка кызмат көрсөтүү борборлорунан же каттоого турган жеринде гана алууга мүмкүн болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.