“Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ Франциядагы чиркөөлөрдүн биринде болгон окуяны өз жоопкерчилигине алды

“Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ Франциядагы чиркөөлөрдүн биринде болгон окуяны өз жоопкерчилигине алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Франциянын президенти Франсуа Олланд барып, чиркөө кызматкерлерин барымтага алгандарды айыптаган. Ал эми “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ кол салгандар алардын жоокерлери экенин билдирген.
Айта кетсек, кечээ эртең менен бычак менен куралданган эки адам Франциянын Руан шаарына жакын жердеги чиркөөгө киришип, 3 чиркөө кызматчысын жана сыйынып жаткан эки тургунду барымтага алышкан. Аларды бошотуу учурунда эки кылмышкер жана бир чиркөө кызматчысы каза таап, бир адам жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
raku

27.07.2016. 13:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шумдугуң кургур, бул "Ислам мамлекети" деген шумдук токтобой койду го...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.