super.kg logo

Бишкекте митинг уюштургандардын экөөсү 4 суткага, үчөөсү 3 суткага камалды

 

Бишкекте митинг уюштургандардын экөөсү 4 суткага, үчөөсү 3 суткага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-июль күнү турак жайга муктаж 700гө жакын адам Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы сейил багында митингге чыгып, анда алар арзан турак жай менен камсыз кылышын өкмөттөн суранышкан.

“Митингдин жүрүшүндө алар борбордук аянтка барып жол тосорун билдиришкен. Милиция кызматкерлери андай кадам мыйзамсыз экенин айтышкан, бирок алар көнгөн эмес. Мындан улам 33 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту митингди уюштурган 5 адамга административдик чара колдонуп, экөө 4 суткага, үчөө 3 суткага камалды. Ошондой эле 5 адамга 500 сомдон, 23 адамга 300 сомдон административдик айып салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.07.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптуура кыдат.митинг питинги жок эле жашагым келет.
27.07.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
митинг болорун билсем, мен да катышмак экем.....миллион сом бергилечи деп.....))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: