super.kg logo

Малайзиялык мугалим Шаарул Бариа: "Балдарга англис тилин үйрөтүү максатым орундалды"

 
Солдон оңго: Сасикала Балачантра, Шаарул Бариа, Аэлита Жолчиева

Бүгүн, 27-июлда Малайзиядан келген англис тили боюнча мугалимдер жана окуучулар Ысык-Көлдө болуп өткөн билим берүү, эс алуу иш-чарасы тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү. Анда бир апталык окутуу программалары тууралуу маалымат берилип, малайзиялыктар Кыргыз жеринен алган сезимдери менен бөлүшүштү.

Малайзиялык мугалим Шаарул Бариа Бинти Отман кыргыз окуучулары менен өткөн күндөрү тууралуу мындай дейт: "Бул жакка мен атайын миссия менен, тагыраагы, балдарга англис тилин үйрөтүү, жакындан таанышуу максатында келгем. Алдыга койгон максатым орундалды деп ойлойм. Ырлар, түрдүү оюндар аркылуу балдарга көп нерсени үйрөтүүгө аракет кылдык. Иш-чаранын соңунда англис тилинде презентация жасашып, чакан концерт уюштурушту. Албетте, балдардын мындай ийгилигин, кубанганын көрүп биз да өзүбүзгө ыраазы болдук. Кыргыз окуучулары англис тилин таштап салбай, дагы да тереңдеп үйрөнүшөт деп ишенем, себеби бул тилдин келечекте пайдасы чоң".

Аталган иш-чарага кыргыз мугалимдери да катышышкан. Алардын бири Аэлита Жолчиева буларга токтолду: "Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Кыска убакытта англис тилин толук өздөштүрүүгө мүмкүн болбосо да, бир жумада балдар сөз байлыгын өстүрүп, көп досторду таба алышты. Эсте калган кызыктуу күндөрдү өткөрүштү. Окуучуларга, малайзиялык конокторго да аябай жакты".

Буга чейин Кыргыз Республикасынын райондук администрациялары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары бул жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чараларына мектептерден бирден окуучу тандап беришкен (окуучулардын тизмеси). Малайзиядан келген коноктор Кыргыз жеринин төрт бурчунан чогулган окуучулардын калың тобу менен бир апта бою Ысык-Көлдө болушуп, англис тили боюнча сабак беришти.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.07.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне оронуп-чүмкөлөнүп алган?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: