super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Электр энергиясы дагы кымбаттайбы?

 

Бүгүн, 27-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Казакстанда “терроризм жана экстремизмди үгүттөөгө катышы бар” делинип 94 интернет-сайт жабылды. Коңшу өлкөнүн маалымат булактарынын билдиришинче, буга чейин айрым сайттардын ишмердүүлүгүн токтотуу өтүнүчү менен Астананын райондук сотуна 20дай арыз түшкөн. “Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты” деген айыптоого 94 сайт илинди. Быйылкы жылдын июнь, июль айларындагы Актөбө, Алматы шаарларындагы атышуулар, жарандар жана полиция кызматкерлеринин каза табышы Казакстан бийлигин коопсуздукту күчөтүүгө түртүүдө.

Улуттук коопсуздук маселеси Кыргыз Республикасынын дагы көңүл борборунда. Ага кыргыз бийлиги диний радикализмдин коркунучун эскертип, Бишкек шаарына, өлкө аймактарына хиджаб жамынган кыз-келиндер чагылдырылган жарнамалык баннерлерди илип жатышы мисал... Анын үстүнө Кыргыз мамлекетинин алдында ири саамалык – II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүү жоопкерчилиги турат. Бир нече мамлекеттин делегациялары катыша турган маанилүү жана масштабдуу иш-чара. “Евро-2016” жарышында Франциянын стадиондорун полиция кандай көзөмөлдөсө, Чолпон-Ата шаарындагы коопсуздук да кыргыз укук коргоо органдары үчүн ошондой эле маанилүү. Өкмөттө бүгүн аталган оюндар учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча штабдын жыйыны өттү. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун кароого 4 миңдей милиция кызматкери тартылат. Бишкектеги “Манас”, Ысык-Көл облусундагы “Тамчы” аэропортторунда, делегациялар жүрүүчү жолдордо коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди. Айтор, даярдык алдын ала көрүлүп жаткандай эле... II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Тажикстан быйыл Кыргыз Республикасына электр энергиясын бере албайт. Аталган өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода Тажикстандын өнөр жай ишканаларында электр энергиясына муктаждык күч экенин айтып, коңшулар сураган 2 миллиард киловатт-саат электр жарыгы артпай турганын билдирди. Тажикстандык ММКлар ушундай маалымат таратышты. Кыргыз өкмөтү “Токтогул суу сактагычында сууну максималдуу топтоо максатында” деген жүйө менен быйылкы кышта Тажикстандан кошумча электр энергиясын алып, кайра жай айларында кайтарып берүү жолун карап жаткан.

Быйылкы жылдын июнунда Казакстанда сугат сууну Кыргыз өлкөсүнөн эмес, Тажикстандан алуу сунушу киргизилген. Казакстандын биринчи вице-премьери Бакытжан Сагинтаев тажиктерден суу алып Өзбекстан менен бөлүшүп алуу боюнча Ташкентте сүйлөшүү жүргөнүн айткан. “Тажиктер “бизден электр энергиясын сатып алып турсаңар кыргыздар менен байланышпай койсоңор деле болот, сууну биз өзүбүздөн коё беребиз” дешти. Ошондуктан схеманы иштеп чыгуу боюнча Энергетика министрлигине тапшырма бердик”, - деген Казакстандын биринчи вице-премьери. Андыктан Тажикстандын “электр энергиясы өзүбүзгө керек” дегени жөн гана шылтоо болушу мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин вице-премьери Олег Панкратов электр энергия жаатында Казакстан менен Тажикстандын сүйлөшүүлөрүнөн кыргыз өкмөтү кабардар эместигин айткан. Эгерде Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн суу алып, ордуна электр энергиясын берүү кызматташтыгынан баш тартса, кыргыз тарапка залакасы тийбей турганын кошумчалаган эле. Кыргыз мамлекети мурунку жылдарда Казакстан менен Тажикстандан кошумча электр кубатын сатып алууга аргасыз болгон. Быйыл да сатып алары күтүлүп жаткан. Эгерде Тажикстан кыргыз тарапка сатуудан баш тартса, анда кыргыз өкмөтү Казакстанды жалгыз вариант катары карап калышы ыктымал. 2014-жылдагыдай шартта электр энергиясы алынса, анда импорттун эсебинен кыргызстандыктар пайдаланган электр энергиясынын тарифи кайра жогорулашы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган Ысык-Көлдө жайкы эс алуу менен айкалышкан билим берүү иш-чарасы аяктады. Ага Малайзиядан келген англис тили боюнча мугалимдер жана мектеп окуучулары, өлкөнүн 7 облусунан келген 42 окуучу катышты. Бир апта бою окуучуларга англис тили боюнча сабактар өтүлүп, оюн-зооктор уюштурулуп, кыргыздын кооз табиятына саякат жасалды. Кыргыз жерине сапарынын жыйынтыгы жөнүндө Малайзиядан келген мугалим Шаарул Бариа мындай деди: “Кыргыз окуучулары англис тилин таштап салбай, мындан да терең үйрөнөрүнө ишенем. Анткени бул тилдин келечекте пайдасы зор”. Конок мугалимдердин экинчиси Сасикала Балачантра Кыргыз жерине дагы бир келүү каалоосу бар экенин, өлкөнүн жаратылышы, айрыкча тоолору жакканын айтса, малайзиялык окуучулар долбоордун алкагында айрым кыргызча сөздөрдү үйрөнүүгө, кыргыз элинин маданияты тууралуу көптөгөн кызыктарды билүүгө үлгүргөнүн айтышты.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган иш-чара Кыргыз мамлекети менен Малайзиянын ортосундагы алаканы бекемдөө, Кыргыз жерин чет өлкөлүктөргө таанытуу, балдардын билим алууга, дүйнөнү таанууга кызыгуусун арттырууну көздөгөн. Коноктордун Кыргыз жеринен алган таасири тууралуу сөздөрүнөн бул максат ийгиликтүү ишке ашканы көрүнүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: