super.kg logo
  Саясат  

Балыкчынын жашоочулары жеке менчикке өтүп кеткен социалдык жайларды кайтарып берүүнү суранышты

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү эл депутаттарды арыз-муңдарын айтышып, көйгөйдү чечип берүүнү суранышканын 27-июлда ЖКдан кабарлашты.

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Турдакун Давлетов шаардагы айрым социалдык жайлар мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин, аларды мамлекетке кайтаруу зарылдыгын билдирди. Жергиликтүү депутат Калмак-Ашуу бассейнинен Балыкчы шаарына суу алып келүүгө цианид сордурулган эски түтүктөрдү орноткон Улан Шейшенбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жүргөнүн да айтты. Айтымында, аталган бассейнден Балыкчыга суу алып келүүгө тендер жарыяланып, аны ошол маалдагы губернатор Кыдыкбек Исаевдин бөлөсү Улан Шейшенбаев утуп алат. Бирок ал бөлүнгөн 10 миллион сомду өзүнө алып калуу үчүн эски түтүктөрдү орнотууга киришип, анысын эл билип калган. Бирок азыркыга чейин жоопкерчиликке тартыла элек.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коррупциялык аракеттерге мыйзам чегинде баа берилиши зарылдыгын белгиледи. Эл тарабынан айтылган көйгөйлөр парламент жыйындарына көтөрүлөрүн айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: