super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков жана Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүнү сунушташууда

 

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу "Заноза" сайты жазып чыкты.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу" КРнын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизгендигине байланыштуу аталган мыйзамдардын долбоорлорун коомдук талкууга чыгаруу үчүн Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Абдыманап Кутушевдин атына кат даярдашканы белгилүү болду.

2015-жылы да Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков Конституцияга өзгөртүүнү сунуштап чыгышкан. Алар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жол-жобосун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги, фракциядан чыгаруу маселелерин, ошондой эле депутат премьер-министр болуп дайындалып, кайра отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги депутаттык кызмат ордуна кайра келүүсүн сунушташкан. Бирок президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө азарынча эрте экендигин айтып, өзгөртүүгө каршы чыккан.

Аскар Акаевдин башкаруу убагында Кыргыз Республикасынын Конституциясы 4 жолу, ал эми Курманбек Бакиевдин учурунда 3 жолу өзгөртүлгөн. Сегизинчи жолу Конституция 2010-жылдын 27-июнунда акыркы ирет өзгөртүлгөн. Аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: