super.kg logo

Таласта кудагыйын уруп, анын ден соолугуна залал келтирген аялга 30 миң сом айып салынды

 

Таласта кудагыйын уруп, анын ден соолугуна залал келтирген аялга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Талас облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын май айында 1971-жылы туулган Венера аттуу айым турмушка чыккан 20 жаштагы кызы Ж.Гнын жашап жаткан үйүнө барып, кудагыйы А.Д. менен уруша кеткен. Натыйжада А.Днын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилген.

Талас райондук сотунун 26-апрелдеги өкүмү менен Ж.Венера “саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып салынган.

Ал эми 7-июль күнү Талас облустук сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.07.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baldary jawap atywsa sotko berbei ele koiboptur
28.07.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы келин уйдогу созду сыртка чыгарбайт дейт, кызы апасын арызданып чакырса керек да оз милдетин аткара албай
28.07.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызы чакырса эле келип кудагыйын уруп койгону тан калыштуу нерсе го же калп эле урду деп доо кылгандыр ким билет азыркы заманда козун менен коргонго ишенбесен укканга ишениш кыйын болуп калды. Аллахым баардык пенделерге сабыр ыйман берсин.
28.07.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таластык аял ак урат,ак урганда дагы урат...болуптур го биягы.
28.07.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай урган го кудагыйын уруп,
28.07.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бая Таластык келин кыздарды мактап жатпадынар беле эхх
28.07.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайнежеме окшогон аял болсо керек. Суйлөсөн чаап салган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: