Мигранттар которгон акчанын көлөмү 5 айда 629 миллион долларга жетти
Чет өлкөдө иштеген кыргыз мигранттары которгон акчанын көлөмү ушул жылдын 5 ай аралыгында 629 миллион долларга жетти. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев бүгүн, 29-июлда өкмөт жыйынында айтты. Анын билдиришинче, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча которуунун көлөмү 4 пайызга жетти.
Кожошев өлкөдө цемент, кыш чыгаруу жана сыра, азык-түлүк, ун өндүрүү төмөндөгөнүн кошумчалады. Аталган товарлар Орусия, Казакстандан алынып келип жатат. "Өндүрүү үчүн өлкө ичинде чийки заттардын жетишсиздиги себеп болуп жатат", - деди Кожошев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

