super.kg logo
  Саясат  

"Бажы чек арасы ачылгандан бери коңшу мамлекеттерден арзан товарлар көп келип, кыргыз ишкерлеринин бизнеси зыян тартууда" деди экономика министри

 

"Бажы чек арасы ачылгандан бери коңшу мамлекеттерден арзан товарлар көп келе баштады. Анын натыйжасында биздин көптөгөн ишкерлердин бизнеси зыян тартууда", - деп айтты экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөт жыйынында.

"1-июлдан баштап Орусиянын президентинин жарлыгы менен Орусиянын аймагы аркылуу Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасы үчүн келе жаткан товарларды ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналардын, эгер алардын ГЛОНАСС системи жок болсо, алардын өтүүсүнө тыюу салынган. Бул маселе да биздин ишкерлерге бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан биздин Транспорт министрлиги бул маселени чечүү боюнча Орусия тарап менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же болбосо альтернативдик маршруттарды издөө зарыл деп эсептейм.

Дагы бир орчундуу маселе бар. Жаңы түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитет бул тармакты өнүктүрүү боюнча бизнес чөйрөсү менен биргеликте өнөр жай тармагын ЕАЭБ шартында иштөөсүн эске алуу менен концепция иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейбиз. Анткени өнөр жай тармагын мурда бир топ мамлекеттик органдар көзөмөлдөп, бирдиктүү саясат жок эле, азыр бардык маселелер бирдиктүү бир органда каралат. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бизнес чөйрөсү менен биргеликте кен байлыктарын иштетүүдө жергиликтүү калктын жана кен казып жаткан инвесторлордун кызыкчылыктарын шайкеш келтирүү боюнча иш алып барышы керек", - деди министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: