super.kg logo
  Саясат  

Кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо маселеси боюнча бир катар тапшырмалар берилди

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июлда өкмөт жыйынында 2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын ишке ашыруу маселеси боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Саламаттык сактоо министрлиги өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду менен биргеликте мамлекеттик, өкмөттүк эмес жана жарандык сектор аралык кызматташтыктын деңгээлин жакшыртуусу зарыл. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы камактагылардын оорусунун алдын алуу жана дарылоо сапатын жогорулатууга, кургак учук менен жабыркаган оорулууларды пенитенциардык тутумдан жалпы жарандык категорияга которууда толук кандуу өз ара аракеттешүү жана мураскерликти камсыздоого көңүл буруусу зарыл.

Өкмөт башчы белгилегендей, калктын кургак учукту дарылоо жана алдын алуу маселеси боюнча маалымдуулугун жогорулатуу зарыл. "Быйыл "Кургак учук-IV" программасын ишке ашыруу жыйынтыкталат. Ошондуктан ар бир мамлекеттик органга программанын ишке ашырылышын талдоо жыйынтыгы боюнча тийиштүү баа берилет", - деп белгиледи премьер-министр.

Каржы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду менен биргеликте жыл сайын кургак учукка каршы дары-дармектерди толук кандуу сатып алуу үчүн бюджеттик финансылык каражаттарды кароо, дары-дармектерди сатып алууну, пландаштырууну координациялоону жогорулатуу тапшырылды.

Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык түзүмдөрү менен биргеликте жер-жерлерде "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамынын 15-беренесинин аткарылышын талдоо жана тийиштүү чараларды кабыл алуусу тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине 2017-2020-жылдарга "Кургак учук-IV" улуттук программасын ишке киргизип баштоо жана белгилүү тартипте 2016-жылдын 31-декабрына дейре өмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: