super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын кызматкеринин унаасын жардыруу окуясын кылдат териштирүүнү жана кылмышкерлерди табууну тапшырды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июлда УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевден, ошондой эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден Орто-Сай айылында болгон Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасын жардыруу фактысын кылдат териштирүүнү жана кылмышкерлерди табууну талап кылды.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү үчүн кол салуу боюнча кылмыш ишин көзөмөлгө алуу жана кылмышкерлерди жоопко тартууну камсыз кылуу тапшырылды.

Андан тышкары президент оор жаракат алган Эркин Курманалиевге дарылануу үчүн материалдык жардам берүүнү тапшырды.

Унаасындагы жарылуудан Курманалиев оң көзүнөн, сол колунан айрылды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: