super.kg logo

Унаасы жарылып, оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган прокуратура кызматкеринин абалы мурдагыдан жакшы

 

Унаасы жарылып, оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган прокуратура кызматкери Эркин Курманалиевдин абалы мурдагыдан жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Эркин Курманалиев учурда дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. “Жаңы келгенде абалы аябай оор болчу. Ага тиешелүү операциялар жасалган. Учурда анын абалы баштагыга караганда жакшы”, - деди Сабырбек Жумабеков.

Ал эми Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдап: “Азырынча жардырууну ким уюштурганы аныктала элек. Укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү ыкчам издөө иштери жүрүүдө. Окуянын кандайча болгону тергөөнүн жүрүшүндө белигилүү болот”, - деп билдиришти.

Айта кетсек, 29-июль күнү эртең менен Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага тергөөсү Эркин Курманалиев үйүнөн чыгып, унаасын ачкан кезде жарылуу болгон. Мындан улам ал оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын кызматкеринин унаасындагы жардырууну кылдат териштирүүнү жана кылмышкерлерди табууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiygyp ketsin, bul jagy kino bolup ketiptir go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: