Ысык-Көлдө орусиялык туристтер жол кырсыгына кабылышты
Ысык-Көлдө орусиялык туристтер жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы 29-июль күнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 147-чакырымында болгон. Анда Ауди 100 жана Пежо 4007 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
“Пежо 4007 үлгүсүндөгү унааны Орусиянын жараны Александр Панов башкарып келе жаткан. Унаанын ичинде аялы, кызы жана карындашы бар болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен туристтин кызы жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп билдиришти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
meerimma84

02.08.2016. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
окендер аман болсун а то бизге эле кыйын болот Москвада. Ушулар жыгылбасын, мудурулбосун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.