“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында 26 жаштагы кыз башка адамдын паспорту менен кармалды
“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында 26 жаштагы кыз башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
1990-жылы туулган Н.Т. аттуу Кыргыз жараны эжесине тиешелүү паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Анын айтымында, коңшу өлкөгө жумуш издеп бара жаткан.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган кыз милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.