super.kg logo
  Саясат  

Адил Турдукулов: "Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган фракция лидерлери кийин жоопкерчиликке тартылышат"

 

Учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилге коомчулукта катуу талкууга алынып, айрым активисттер ага каршы кол топтоп жатышканы белгилүү болду.

"Бул президентке чейинки президенттерде деле мамлекеттик башкарууну жакшыртуу аракети болгон эмес. Аларда өзүнүн бийлигин сактап калуу гана саамалыгы болгон. Атамбаевдин азыркы амалын дагы ошол амалдын бир түрү катары кабылдасак болот. Президент кетерде эч качан Конституцияны өзгөртпөйт. Бул кадам менен президент, биринчиден, коркуу сезими бар экенин билдирип жатат. Себеби азыркы Конституция менен болочокто дагы көз карандысыз президент келсе, мурунку бийликтин былык иштерин ачыкка чыгарууга, иликтөө жүргүзүүгө жол ачылат. Экинчиден, жоопкерчиликтен качуу амалы болуп жатат, себеби азыркы системде эч кандай алгылыктуу иштер жасалган жок, экономикалык өсүш болгон жок, жакырчылык кыскарган жок.

Конкреттүү түрдө сунуштаган демилгелерине көңүл бурсак, үч бийликтин тең салмактуулугу бузулган. Анткени азыркы Конституциялык палата консультативдик гана орган болуп, чечүүчү роль ойногонго жолу жоюлуп бара жатат. Премьер-министрдин өзүнүн демилгеси менен өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирүү коалициялык өкмөттүн макулдашуусун жокко чыгарат. Ал эми облустук, райондук администрациясын эч кандай облустук, райондук кеңештин макулдугу жок эле отставкага кетирүү жергиликтүү бийликтин күчүн алсыратат. Бул өзгөртүүлөр президентке бийликти мыкчып алууну эле алып келбесе, эч кандай позитивдүү нерсе алып келбейт", - дейт "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Адил Турдукулов.

"Бул бийлик аракети менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизсе, парламентти таркатып, жаңы өкмөт, жаңы президент, жаңы сот системи, жаңы Жогорку Кеңеш менен башташыбыз керек. Бул узурпацияга багытталган, чынында. Өзгөртүүлөрдү сунуштаган фракция жетекчилери билип коюшу керек, алар тарыхта узурпацияга жол ачкан болуп жоопкерчиликке тартылышат", - деп кошумчалады Турдукулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: