Назгүл Кайыпова Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарлары алмашты. Мекеме башчысынын орун басары болуп буга чейин иштеп келген Жумадилде уулу Мурадил берген арызына ылайык кызматтан бошотулуп, ордуна Назгүл Кайыпова дайындалды. Орун басарларды бошотуу жана дайындоо буйруктарына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2-августта кол койгон.
Мындан башка да кадрдык алмаштыруулар болду. Алтынбек Эргешов өкмөттүк аппараттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан бошотулуп, ордуна Эмилбек Бусурманкулов дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

