super.kg logo

Лейлек районунда болгон селдин кесепетинен келтирилген зыяндар аныкталды

 

Лейлек районунда болгон селдин кесепетинен келтирилген зыяндар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 77 турак үй текшерилип. Анын ичинен 10 турак үй авариялык абалда экени аныкталып, 55 турак үй көзөмөлгө алынган.

5 турак үйдүн пайдубалына, 59 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Ал эми 3 дамбаны, 1 чарбалык курулушту, 5 электр мамысын, 1 сугат каналын, 5,6 гектар үлүш жерди, 12,6 чакырым ички чарбалык жолду, 10,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 2 чоң көпүрөнү сел калдыктары каптаган”, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Айта кетсек, 30-июль күнү саат 17:10 чамасында Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: