super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Көчмөндөр оюну өкмөттүн шаштысын кетирди

 

Бүгүн, 3-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз Республикасы Европа жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен терроризмди каржылоо тобокелчилиги жогору 14 мамлекеттин катарына кирди. Мындай жыйынтык Базель башкаруу институтунун “Basel AML Index 2016” изилдөөсүнөн кийин чыгарылган. Кыргыз мамлекети 14 өлкөнүн ичинен 5-орунду ээлеген.

Өлкөдө терроризм коркунучу жогору экени көптөн бери айтылып келет. Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө олуттуу көйгөйгө айланды. Соңку жылдары Европанын бир катар өлкөлөрүндө ири жоготууларга алып келген теракттар катталууда. Мисалы, 2015-жылдын май айында Сауд Арабиядагы мечиттердин биринде жардыруу болуп, анда 25 адам каза таап, 200дөй адам жаракат алган. Ноябрь айында Париждин 6 аймагындагы жардырууларда 129 адам көз жумуп, 352си жаракат алган. Түркияда ири теракттар орун алууда. Акыркысы быйылкы жылдын июнунда Стамбулдагы аэропортто болуп, 50гө жакын адамдын өмүрү кыйылган. Мындай теракттардын көбүнө “Ислам мамлекети” террордук уюму жоопкерчилик алып жатат. Бул уюм өз ишин 2014-жылы Сириянын аймагынан баштап, аталган өлкөнүн аймактарын четинен басып алууга киришкен. Кыргыз Республикасы уюмду 2015-жылдын башында “террордук” деп таанып, анын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салган. Бул уюмдун катарында согушууга аттанган кыргызстандыктардын саны тынымсыз өсүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин SUPER.KG порталына берген маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынан Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен жарандардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен ашууну каза таап, 20 жаран мекенине кайтып келгени белгилүү болду. Кайтып келгендерге карата кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүүдө. Өлкөнүн укук коргоо органдары жарандарды Сирия азгырыгынан сактап калуу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканы айтылганы менен, статистика агым токтобой жатканын көрсөтүүдө. Мисалы, 2015-жылдын декабрында маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 500гө жеткенин белгилеп, аларды өлкө жарандыгынан ажыратууну сунуштаган. Андан бери алардын саны 100 кишиге өскөн. Анын үстүнө УКМК тастыктаган сандар расмий маалыматтар гана. Согуштук аракеттерге аралашып жүргөн мекендештерибиз мындан да көп болушу мүмкүн. Өлкөнүн тынчтыгына жоопкер органдардын өзүнүн коопсуздугу бекем экендигине шек жаралды. Бир апта мурун УКМКнын сайтына хакерлер чабуул жасап, сайт азыркыга чейин калыбына келтириле элек.

Чолпон-Ата шаарында орусиялык турист жергиликтүү жашоочулардын биринен запкы жеди. Автоунаа токтоткон жайга акы төлөөдөн баш тартканы үчүн аталган жайдын кызматкери туристтин унаасынын айнегин талкалап салган. Бул окуя талкуу чордонунда. “Унаасын токтоткону үчүн акчасын төлөшү керек” деп туристти сындагандар, “туристтердин эсебинен тиричилик кылып жаткан жергиликтүү тургундардын бул жоругу уят” дегендер чыкты. Кандай болгон күндө да мындай фактылар туристтерди чочулатат. Туризм тармагындагы тейлөөнүн сапатын, коомдук дааратканалардын абалын жакшырта албай жаткан шартта мындай жоруктар өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджине доо кетирет. Жакында орусиялык туристтерди тоногон жарандардын мурунку милиция кызматкерлери болуп чыгышынан кийин сестенип турган саякатчыларга бул окуя дагы бир коңгуроо болду. Туризмдин чордону саналган Ысык-Көлгө баруучу трассага да улам көчкү түшүп, адам өмүрлөрүнүн кыйылып жатышы да көпчүлүктү ойлондурууда. Көпчүлүк жолго таш кулап, сел каптап жатышын жол курууда кетирилген мүчүлүштүктөрдөн көрүүдө, бирок өкмөттөн азырынча конкреттүү жооп боло элек. Жооптуу министрлик түшкөн көчкүнү улам тазалоо менен гана алектенүүдө.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 29га жетти. Маалыматка ылайык, мамлекеттер катышуу тилегин билдирген катын 7-августка чейин жөнөтүшү керек. Оюндардын катчылыгы 40ка жакын мамлекетке чакыруу жиберген. Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтөт. Оюндар өтө турган ипподромду 25-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми курулуп жаткан Балыкчы-Корумду трассасы белгиленген мөөнөттө бүтөр-бүтпөсү белгисиз. Балыкчы-Чолпон-Ата шаарларынын ортосундагы тилкеде иш кызуу уланууда, аткарыла турган иштин көлөмү дагы аз эмес. Оюндарга чейин жол шашылыш жасалып, Оштогу эстакадалык көпүрөнүн же Бишкек-“Манас” аэропорту жолунун кейпин кийбесе эле болгону. Ош шаарындагы асма көпүрө 2015-жылы “октябрдын аягына чейин бүтөт” деген убададан улам шашылыш жасалып, курулуш бригадасы соңку күндөрү күнү-түнү иштегени белгилүү. Бирок расмий ачылышынан бир апта өтө электе тротуарлары бузулуп, көпүрөдөн суу куюла баштаган. Мындан кийин мэриянын Жол башкармалыгы көпүрөнүн бузулган жерлерин оңдоого аргасыз болгон. Ал эми жакында “Манас” аэропортуна кеткен жолдун бир тарабы курулуп бүткөндөн кийин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков талапка жооп бербей турганын айтып, компания кемчиликтерди оңдоого киришкен. Чет өлкөлүк конокторго уят болбоо үчүн Балыкчы-Корумду жолун сентябрга чейин бүтүрүү зарылдыгы турат. Адаттагыдай чала бүтүрүп, кайра жамачылоо түйшүгү башка түшүшү мүмкүн...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: