super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда президенттик аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алып, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында кабыл алынган мыйзамдарды (мыйзам долбоорлорун) экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, былтыркы жылдын ноябрынан тартып быйылкы жылдын 14-июлуна чейин президенттин кароосуна парламент кабыл алган 186 мыйзам келип түштү. Анын ичинен 43 мыйзам июль айында түштү. Башкача айтканда, алар парламенттик сессиянын акыркы күндөрү кабыл алынган. Мыйзамдарга ылайык, келип түшкөн ар бир мыйзам боюнча өлкө президенти кол коюу же мыйзам президенттин аппаратына келип түшкөндөн бир ай ичинде эксперттердин тиешелүү корутундусунун негизинде Жогорку Кеңешке каршы пикирлери (вето коюу) менен кайтаруу чечимин кабыл алат.

Талкуу маалында Алмазбек Атамбаев жаңы чакырылыштагы парламент кабыл алган көп мыйзамдардын маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн баса белгиледи. Жогорку Кеңештин комитеттери менен президенттин аппаратынын эксперттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жолго коюлган системи кабыл алынган мыйзамдарга президенттин вето коюуга мажбур болгон учурларын кыйла азайтууга өбөлгө түзгөнү айтылды.

"Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы негизинен депутаттардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, өлкөдөгү тынчтыкты жана элдин биримдигин бекемдөөгө, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууга умтулуусун көргөздү", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

"Мыйзам чыгаруу ишиндеги өз ара тыгыз аракеттерди мындан ары жакшыртуу максатында президенттин аппараты Жогорку Кеңеш жана анын комитеттери менен мыйзам долбоорлорунун сапатын арттыруу жана парламентте кароо маалында эле алардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн мындан да тыгыз иштешүүсү зарыл", - деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: