super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: "Бийлик саясий кысымды Конституцияны өзгөртүүгө каршылардан баштады"

 

"Бийлик саясий кысымды Конституцияны коргоо кыймылынын мүчөлөрүнөн баштады. Биринчиси Мавлян Аскарбеков". Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Конституцияны өзгөртүүгө каршы түзүлгөн топтун мүчөсү Равшан Жээнбеков 6-августта социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. "Бийликке жакпаган нерселерди айтсаң, Коргоо кеңешинин тапшырмасы менен милиция суракка алат, бирок баарыбызды коркута албайт! Баарыбызды камай албайт!" - дейт Жээнбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Мавлян Аскарбеков Ички иштер министрлигинин 10-Башкармалыгы суракка чакырганын айтып: "Конституцияны өзгөртүү аракети талкууланган жыйында айткан пикирим үчүнбү, айтор, мага куугунтук башталды", - деп билдирген. Ал эми аталган жыйындан кийин Аскарбеков SUPER.KG порталына комментарий берип: "Эл аралык уюмдарга, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуу жазууну чечтик. Кайрылууда аларга биздин мамлекетте болуп жаткан укуктук мыйзам бузуулар жана бийликти узурпациялоо аракетин так көргөзүп, бөлүнө турган каражаттарды токтотуу талабын коёлу деп чечтик. Ошондой эле жакында форум жана кезексиз курултай өткөрүүнү пландап жатабыз", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: