super.kg logo
  Саясат  

Режеп Тайип Эрдоган: "Эл өлүм жазасын киргизүүгө макул болсо, саясий партиялар элдин талабын аткарышы керек"

 

"Эл өлүм жазасын киргизүүгө макул болсо, саясий партиялар элдин талабын аткарышы керек". Мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 7-август күнү Стамбул шаарында өткөн митингде айтканын "Евроньюс" агенттиги жарыялады.

Эрдогандын айтымында, эл төңкөрүш жасоого аракет кылгандарга карата өлүм жазасын киргизүүнү талап кылууда. Элдин мындай талабын Түркиянын парламенти колдосо, ал документке кол коюуга даяр экенин белгиледи.

Айрым маалыматтарга таянсак, бул митингге 1 миллионго чукул адам катышкан болсо, уюштуруучулар 3 миллиондон 5 миллионго чейин адам катышканын айтышууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан 16-июлуна караган түнү аскерлердин тобу Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген. Акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, төңкөрүшкө тиешеси бар делип 26 миңдей адам кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: