Өзгөн районунда каналга түшүп кеткен 3 жаштагы бала изделүүдө
Өзгөн районунда каналга түшүп кеткен 3 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 7-август күнү саат 21:15 чамасында аталган райондун Дөң-Булак айыл аймагында болгон. Анда 2013-жылы туулган И. уулу А. ойноп жүрүп үйүнүн алдынан агып өтүүчү Шайбек каналына түшүп кеткен. ӨКМнын №53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.