super.kg logo
  Саясат  

Венеция комиссиясынын мүчөлөрү КРнын Конституциясына киргизиле турган оңдоолорду жалпы талкууга коюп, олуттуу кароону талап кылышууда

 

Венеция комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган оңдоолорду жалпы талкууга коюп, олуттуу кароону талап кылышууда. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Жанни Букиккио 5-августта жарыялаган.

"Венеция комиссиясына Кыргыз Республикасындагы даярдалып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр үчүн референдум өтөрү белгилүү болду. Сунушталып жаткан түзөтүүлөр Конституциялык палатага таасирин тийгизет экен", - деп билдирген өз билдирүүсүндө төрага.

Анын айтымында, Венеция комиссиясы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму менен биргеликте 2015-жылы Конституциялык палатага таасир эткен конституциялык өзгөртүүлөр тууралуу долбоор даярдаган.

"Долбоордогу оюбуз учурдагы түзөтүүлөргө жана аларды Конституцияга киргизүү процессине да тиешелүү болушу мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр жалпы талкууга коюлуп, олуттуу каралышын талап кылат. Кыргыз өлкөсү комиссиянын мүчөсү болгондуктан, эгер кыргыз бийлиги Венеция комиссиясына кайрылса, бул долбоор боюнча өзүнүн чечимин чыгарып берет", - деген Жанни Букиккио.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: