super.kg logo

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды

 

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта жактоочу Акин Токталиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылышына Ош облусунун тургуну Ашырали Вахидовдун арызы себеп болгон. Анда ал диний ишмердин "Ахмадия" жамааты боюнча айткан терс пикири Юнусжан Абдужалиловдун өлүмүнө себеп болгонун жазган. Мындан улам кылмыш ишин козгоп, чара көрүү керектигин суранган.

Бийлик тараптан ачыктан-ачык саясий куугунтук башталды. Чубак ажы Жалиловдун ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугу тебеленип жатат. Аны суракка алыш үчүн 5-август күнү Оштогу Тергөө башкармалыгы чакыруу кагазын жөнөттү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Чубак ажынын сүйлөгөн сөздөрү диний кастыкты козутат” деп эксперттик корутунду чыгарыптыр”, - деди Акин Токталиев.

Ошондой эле ал: "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу", - деп кошумчалады.

Айта кетсек, 1978-жылы туулган Юнусжан Абдужалилов 2015-жылдын 22-декабрында белгисиз адамдардын огунан улам каза тапкан.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов буларга токтолду:

Бизге кайрылуу үстүбүздөгү жылдын 20-январында келип түшкөн. Анда Оштогу Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Чубак ажы Жалиловдун айткан сөздөрү боюнча комплекстүү корутунду чыгарып берүүбүздү суранган. Биз тиешелүү корутундуну 11-апрелде эле чыгарып бергенбиз, бирок анын жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”.

Ошондой эле Бактыбек Осмонов жактоочу Акин Токталиевдин “Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу” дегени негизсиз экенин айтты: “Тиешелүү корутундуну чыгарууга Кылмыш-процессуалдык кодексинин 204-беренеси (экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү) жол берет”.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылганын тастыктап, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдиришти.

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов буга чейин УКМКга суракка чакыртылып, интернеттеги баракчасына жазган билдирүүсү үчүн эскертүү алган болчу. Анда ал жума күнкү түшкү тыныгууну 2 саат кылууга каршы чыккан депутаттар менен кол берип учурушпай турганын жана алардын жаназасына барбай турганын айткан эле.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган. Кийин УКМК “ажылыктан түшкөн кирешени салык төлөбөй жашырып койгон” деп кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Бирок сот аны актаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(88)
09.08.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
BarsBaatyr,туура муфтий да суйлосун .Жана башка аалымдар калыс ак созун айтышсын,кимдин ким экенин билели
09.08.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ахмадийлер туура эмес сектанттарда озу! Чубак ажы туура эле айткан.
09.08.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балык башынан сасыйт дегендей бийликтегилер эмне болуп бара жатышат,кыйын болуп суйлогон бийлик башчыларга караганда бул адамдын элге насаат айтып кудайга болгон коркуу сезимдерин ойготуп ыйман жолун корсотчу жалпы карапайым элге мындай адам аба суудай керек. Бийлике барыш учун ыйман эмес акчан болсо барасын, ал эми аалым адам бизге кыргыз элине. Аллахтын берген белеги десек болот,чопту кордосо козго зыян дегендей бул туура эмес жорук бийликтегилер эсинерге келгиле куугунтуктоонун да чеги бар.
09.08.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эээ тобааа, Алла биздин ак үйдө олтургандарга да ынсап, туура жол бер. !Бүгүн барда эртең жок болгон беш күнчөлүк өмүрдө, абийирибизди арзыбаган акчага сатып, түбөлүк пайдаланып кала тургансып креслого жабышып, мансаптан айрылып калгандан коркуп калганыбыз өкүнүчтүү ....Бүгүн болбосо сөзсүз эртеге Алланын астына барып эмне деп жооп берер экенбиз ....Азыр ""крыша ""деп бирөөлөргө ишенип, кыйын болсок, караңгы кабырда кантип жатаар экенбиз.Ак ты ак дебей,,, бурмалап атабыз, су
09.08.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бул негизи мый3ам боюнча туура. Кылмыш кылдыбы демек жазасын алсын
09.08.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмакчылык Акмакчылык дагы бир жолу Акмакчылык "Чубак ажы Жалилов"
09.08.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
менин ойумча кайсыл динде туулсан ошол динди тутушса
09.08.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улуу урматтуулар,, элдин назарынан корккула,,, жети урпагыңардын убалынан корккула,,, Алланын астына барганда сурактан корккула. Акча үчүн ар кыл секталарды алып кирип алып, элди бөлүп жарып уруштуруп, убалына калгандан корккула.
Креслоңордон ажырап калгандан эмес.......
Salixa. түзөттү 2016-08-09 14:13:51
09.08.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажыны мен да колдойм. Аны бир элк созу учун кысымга алып жатат. Бирок ал озу да катуу кетип, жанылыш суйлоп койду. Депутаттарга каршы суйлогон созу мага жаккан жок. Мындай мыйзамдар учун дагы убакыт керек бизге. Ансыз деле коомубуз исламдын бизге керек экенин тушунуп, 1 сааттык тыныгууда деле жума намазына жетишип жатышат. А барбаган адамдарга 4 саат тыныгуу берсен деле барбайт.
09.08.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элибизди жакшы жолго тушургон, шаарларды баарын корктондургон, элдин конулундо элдин сыймыгы болгон адамдарыбызды бийлик эмнеге коро алышпайт
09.08.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fly2010, Динге каршы чыккан адам же бийлик узака барбайт(коп жашабайт) бул нерсеге тарых далил, уурулар акыйкаттан коркушат!
09.08.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
fly2010,эмне колу менен келип шаарды кооздоп кеттиби.,жон эле ар кайсыны суйлой берет экенсинерго.
09.08.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Agysha, Колу менен тазалабаса дагы бюджеттин каражатын туура, шаар учун колдонду! Айырмасы ушунда! Баардык нерсеге обьективдуу баа бериш керек!
09.08.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azimut, Чубак ажы качан кайсы шаарга мер болду ? Шаарга карап шаарды корктондуруп ? Эми тим эле суйлойт десе беш ордогунорду учура берет экенсинер го. Чубак ажыны сурака чакырыптыр камака же сургунго эмес . Созун айтып актанып кетет да туура созун айткан болсо.
09.08.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AKCAHAT, Чубак ажы элди ондоп бузулган пейилдерди ондон кудайдын ак жолуна ундоп жатат. Мэлис Мырзакматов мэр болуп жургондо Ош шаарын гулдоткон эч болуп корбогондой ошону да коро албай соттоп ар жактан жокту айтып айыптап кетиришкен. Ошол себептен айтканым. Эми Чубак ажыга келип жеттиби деп...
09.08.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AKCAHAT, козунду чоон ачып, комментарийдин башынан баштап оку кептин учугун же тушунбой атсан куюшкан болуп ортого кошулба!
09.08.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Agysha,сен тушунбосон жазбай эле койбопсун! Ким эмне деп жатканын.
09.08.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Agysha, Оюнду кээнен жугуртсон Тюлеевдин камалганында кошо айтып жатат, Мелис Мырзакматовту куунгунтукталганын.
Belek2070 түзөттү 2016-08-09 18:45:48
09.08.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чубак ажыга сыноо келди, Аллахым сабыр берип колдосун! Ажы акебиздин пайдасы тоодой элибизге.
09.08.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
take220281, ой кайдагы ХХХ оозун ачып жатат бул жерде.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-10 12:56:52
09.08.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аша сен да Алланын алдына барасын.токтот мындай диний ишмерлерге кысым коргозгонунду
09.08.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tuigan.,Андан биринчи сен кетип калба кудум кудум деп чуркаган бойдон.
09.08.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аны Чубак ажы айтпаса деле бир куну атып кетишмек да. Ошондойлор кетишип жатышкан да Сирияга! Ахмадий, акрамий ж.б. Озбекстанда сураксыз жок кылынат, камалып. Бизде аларды тыйган кишилерди суракка алат. Динге берилгендердин кобу хизбутчулар, Чубак ажылар эми ушуларды туура жолго чакырса куноолуу болобу? Баягы суйлогону учун СДПК аз добуш алып калса кийин камайбы мисалы?
09.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мен Чубак ажыны колдойм. .ИншаАллах Аллах Чубак ажы менен бийликтин кысымы Чубак ажы учун бир тыйын
09.08.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
abdulazizjak, ХХХ колдой беришет
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-10 12:54:09
10.08.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xanbiyken, жеке айтышуулар купуяга!
09.08.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы элдин адамы
09.08.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Almagul2016,кудум эле ХХХ ХХХ ХХХ айттынго
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-10 12:54:52
10.08.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xanbiyken, кимдир-бирөөнүн мазактоого жана башка колдонуучулардын кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
09.08.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажын сыйлаган эл турат, мендагы сыйлайм ал учун, акыйкат учун эл менен бийлике каршы чыгууга даярмын
09.08.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
asad345, сен анан ушул сайттан бир сага окшогон 20 киши сыйлайт сенин куйуп бышып аткан чубашканды.
10.08.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syper.kelin4ek, Кудайдан коркуп суйло оозуна келгенди оттой бербей сен сыйлабасан мен сыйлайм ажыкени. Эртен башына бир балээ кырсык келсе анан эстейсин аалымды кемсинткенинди
09.08.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтин заказы, Чубак ажы акыйкат суйлогон адам, эн негизгиси эл адамы , эл баштаса, журт башына келсе болмок, мекен учун эл учун иштер Кыргызстан онугуу жолуна тушмок
09.08.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Башка мамлекеттерде болгон сыяктуу эле, бир күнү бизге да Айкөл, Адилеттүү Хан келип баарын казып суракка тартат. 37-38-жылдары репрессияга кеткендер бийликте калганда мекенибиздин абалы такыр башкача болмок. Айтканым айткандар... Жегеним жегендер менен толгон өлкөбүз...
09.08.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй ушу силердичи! Ким Аллахымдын адамына асылгандарды баарынды ылайым Аллахым ондурбасын!Кочодо калгыла!ушул Атамбаевге дагы мин наалат! Ошондойлордун оозун жаап койсо болмок каяктагы кочодогулордун!
09.08.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
begai93, карганып шиленген адам озу биринчи тозоко тушот аркы жанын куйуп аткан чубашкадан сурасан.
09.08.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуа кылалы.Шейх Чубак ажыны Аллахым өзү колдосун.
09.08.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сурака чакырыптырса эмне болот экен? Бир эле корунуш. Динди тушунуп тушунбой эле башка сектага отуп кеткен мекендештерибиз коп эле болуп жатпайбы, акыры сирияга чейин кеттик. Текшерип койуш керек. Ажы болобу, аалым болобу, чиновник болобу... Аль Багдади дагы аалым бирок канча мусулмандардын каны тогулду?
09.08.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aash, аны бул чуаштын куйгон бышкан кишилери тушунбой эле, иттерче уро беришет.
09.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажыны Аллахым колдосун,Чубак ажыга тийишбесенер олосунорбу?Мен Чубак ажы менен,Чубак ажы бар болун.
09.08.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соз учун камаса биринчи президента камаш керек.Таластыктар эле эмес Нарындыктар койсунар деп элди болгону учун
09.08.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бийликткгилер козунорду ачкыла.Динди силер эмес Ленин менен Сталин дагы тыя алган эмес.Канча кысышты дин жок кыла алышкан жок
09.08.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Super.kelin4ek менен xanbiyken бир эле адам окшойткоо э, ажы мышыгынарды пыш дедибеле мынча тооба кара ниетсинер силердей адамдын акыркы сорту болгон пенделерге тан каламда кудайым ынсап ыйман берсин силерге
09.08.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agywa,super.kelin4ek,Xanbiyken ахмадийлер окшойт,Чубак ажыга каршы жазганына караганда)))
09.08.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidowi,в точку молдес ошону туура айттын
09.08.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жонгана сурака чакырган ага мынчале куйугосунор бул киши мага жакпайт качан караба аял кишилерди мазактап журот.Дагы баары артынан эрчип аалым дешип ансыз деле элдин баары кудай деп жашайт.
10.08.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,Алла баарыбызга ыйман,ынсап бер
10.08.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
башка суракка алгыдай адамдары калбаптырбы? Ушул теманы АША эле жаап салса болот койгула эми мындай адамдарга тийбей эле тура тургула,биринчи озубуз кылмыштарыбыз учун суракка алыналы уят бир аз Алладан корколу элдинда созуно кала бербейли дееп.
10.08.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Urmat_83, Agysha, raiana53, Labadax, жеке айтышуулар купуяга!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-10 13:03:48
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: