Бюджеттин кирешелери 2017-жылы 140,2 миллиард сомго жетсе, 2019-жылы 152,5 миллиард сомго чейин өсөт
Бюджеттин кирешелери 2017-жылы 140,2 миллиард сомго жетсе, 2019-жылы 152,5 миллиард сомго чейин өсөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башкы адиси Сыргак Узакбаев 8-августта Ош шаарында өткөрүлгөн ачык бюджеттик угууда айтканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анын ырасташынча, салыктык кирешелердин номиналдык көлөмү 2017-жылы 104,8 миллиард сомду түзчү болсо, 2019-жылы 127 миллиард сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2019-жылдар аралыгында салыктык эмес кирешелердин түшүүсү орточо 20,4 миллиард сомду түзөт. Орто мөөнөттүү келечекте расмий трансферттердин түшүүлөрү 2017-жылы 14 миллиард сом болсо, бул сумма 2019-жылы 5,3 миллиард сомго чейин азаят.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

