super.kg logo

Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Өмүр көчү" кербени уюштурулду

 

Бишкекте Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Өмүр көчү" кербени уюштурулду. Ага манасчылар, коомдук активисттер, студенттер баштаган жалпы 100дөн ашуун адам катышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Кербен 5-августта Үркүн башталган делген Сокулук районундагы Асылбаш айылынан башталган.

"Асылбаш айылында Үркүндө курман болгондорго куран окуп, бата кылдык. Андан соң "Өмүр көчү" кербени Ак-Сууну көздөй сапар алды. Ал жерде илгери 517 кишини өлтүрүп, ошол жерге көмүшкөн экен. Азыр ал жайга мечит курулуптур. Барып аталарды эскерип, андан соң Ысык-Көлдү көздөй жөнөдүк. Тоң районундагы "Кырк-Шейит" деген Үркүнгө байланыштуу атылып кеткен аталардын мүрзөсүнө бардык. Барскоон, Каракол, Түп районунун Кара-Баткак деген жеринде болдук, бул жерлерде да көп кыргын болгон экен. Андан ары Чолпон-Атага барып, анан шаарга кайтып келдик", - дейт Д.Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: