Жумгал районунда баңгизат менен төрт жаран кармалды
Жумгал районунда баңгизат менен төрт жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 8-август түнү Кызыл-Жылдыз айылында катуу ылдамдыкта бараткан унаа токтотулуп, Жол-патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анда айдоочу жана үч жүргүнчүнүн мас абалда экени аныкталган. Ошондой эле унаанын ичинен 1 килограммга жакын марихуана табылган. Анын негизинде 1987-жылы туулган Н.Д., 1988-жылы туулган Н. у. Т., 1988-жылы туулган К.К. жана 1992-жылы туулган К.К. Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Унаа айып жайга токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.