super.kg logo

Мамлекеттик коргоо комитети: "Аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга убактылуу чектөө Баш мыйзамга каршы келбейт"

 

Аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга убактылуу чектөө Баш мыйзамга каршы келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында Мамлекеттик коргоо комитетинин Аскер башкармалыгынын Жергиликтүү органдар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, "КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандарга аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими төмөнкү учурларда берилет:

1) үй-бүлөлүк шарттары боюнча;

2) билим алуусун улантуу үчүн;

3) ден соолугунун абалы боюнча.

"Конституцияда жарандардын укуктарынан тышкары милдеттери да белгиленген. Ата Мекенге кызмат кылуу - негизги милдеттеринин бири",- деди Абдрахманов.

Айта кетсек, Мамлекеттик коргоо комитети аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорун сунуштап жатат. Бул токтомдун негиздеме маалыматында “экономикалык абалга байланыштуу республикада түзүлгөн ички жана тышкы миграциялык жагдай каттоодон чыкпай туруп башка аймакка же өлкөдөн чыгып кетип, жарандардын аскердик кызматка чакыруудан качуусуна шарт түзүп жатат” деп айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Армияга созсуз барыш керек мен балдарымды жиберем кээ бир ата энелер соо баласын оорукчан деп алып калгандарга тушунбойм,армияда кыйноо болот,балдар олуп келипатат дегендерге да айтаарым баары. Аллахтын колунда эгер алгысы келсе кучактап отурсан да арачы боло албайсын,жакшы ойлонуп балдарыбызды аз да болсо мекенди суйууго ундоп аскерге жонотушубуз керек. Менин да эки балам студент окуусун буткон сон барышат. Аллах кааласа. Жеке менин оюум. Эгер эркек болуп жаралганда созсуз армияга бармакмын
10.08.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат министрлерге тиешелуу экен.Карапайым калктын балдары эле кызмат отоп атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: