super.kg logo

Казакстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары болду

 

Казакстандын Алматы шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачар аземи болгонун 10-августта оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты. Азем катчылык менен Казакстандагы “Көчмөн цивилизациясынын мурасы” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстанда аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык корпустарынын өкүлдөрү, Казакстандын ММКлары жана туризм агенттиктери катышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгы иш-чарага келгендерге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаттары тууралуу айтып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандырууда алардын мааниси жана орду канчалык деңгээлде болгондугу тууралуу баяндама жасады.

"Оюндарга аккредитацияланган мамлекеттердин жана ММКлардын саны Көчмөндөр оюндарынын атактуулугу улам өсүп бара жатканынан кабар берет. Мындан сырткары оюндар эл аралык колдоого алынып, кенен алкакта таанылып жатат. Бул көрсөткүч долбоордун андан ары да өнүктүрүлүшүнө жана келечекте көчмөн элдердин эл аралык олимпиадалык оюну болуп калуусуна негиз салууда", - деп билдиришти катчылыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.08.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочмондор оюндары акыры дуйнолук денгеелге которулуп олимпиада сыяктуу жок дегенде ар 2-3жылда бир откорулуп турса Кыргызстан учун эн сонун болот эле.Мына ошондо Кыргызстан АКШ,Кытайга окшоп коп медал алса кандай сонун болоор эле.
10.08.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы кочмондор оюну бекер эмес билет баасы 1000 сомдон кем эмес дегени чындыкпы
11.08.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун Кочмондор оюнунун ачылышы Казахстанда отту,страна-организатор Кыргызстан эмеспи?Же ал башкабы?Билгендер болсо жооп берип койгулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: