super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
14.08.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен давай
14.08.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арсен жеңилип калдыгоо акыркы эки очкону эсептебей койду калыс
14.08.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kama_future_millioner, Аны эсептегенде деле утулмак. Ал жердлен 2 упай эле алмак, анысы дагы толук чыкпай калды го
14.08.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсендин даярдыгы ото начар экен. Бираз тырышса утмак. Назик кыздардай болуп жон жерден эле утулуп калды...
Конулдун баарын бузду. Ошол алтын медаль алып келет го деп чыдамсыздык менен кутуп атсак, умутту актаган жок
15.08.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен чокпо мында болбосо кийинкиде утасын
15.08.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ийгилик каалайм. Буйруса мындан ары да спортко жакшы конул болуп, жакшы шарттарды тузуп беришсе жакшы болмок. Биз учун чон ийгиликтер алдыда. Кудай насип кылсын.
15.08.2016. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эч ким утбайт. Уйго келе ьергиле болду
15.08.2016. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Izdeim_seni, Кайсы темага кирбейин дайыма негатив билдируу жазасын,ичин толо б.к окшойт.
15.08.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samash87,izdeim seni. ЖООН ЖАКШЫЫЫ комментарий калтыргыла. Жакшы оюнар,ниетинер жок болсо Сайттан чыгыпкеткиле!!! Б.к менен Сакты жазбай:-#
15.08.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aisuluu altyn utat,korosunor go
15.08.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негативный ойлорду жазган адамдар силер эмнени кыйраттынар, Кыргызстан учун эмне кылдынар иш менен тугул жада калса оозунар менен да жакшы нерсе кылбайсынар, силерди пессимист дейт,озунордун денгээлинерди ушундан билгиле. Эмнеге олипиадага барат дейсинер, биз учун ошол олимпиадага катышып келуунун озу чон эрдик медал албасада, ошончо мамлекеттин арасынан Кыргыз мамлекетинин аты жанырып желегибиз желбиреп спортсмендерибиздин ачылышында отуп атканы да озунчо чон кубаныч эгер билсенер,
15.08.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силерге окшогон пессимистердин сасык оюна биз оптимистер жана буткул кыргыз эли муктаж эмес
15.08.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик жигиттер бугун бизди бир сүйүнткүлөчү Изат коло медал алгандан бери сүйүнө элекпиз
15.08.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жараткандан тиленели, бир алтын утсак эле алдыга кетебиз. Бизге бир алтын же кумуш бере кор, Оо Алла. Деп дуба кылалы. Достор
15.08.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калган 12исине куч кубат берсин Аллах
15.08.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
argen.kg4, Guli000, bema_bema, Alixan-Nookat.2015, argen.kg4, жеке билдирүүлөр купуяга!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-15 15:12:08
15.08.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Утулгандарга сабыр,бул жолкуда болбосо кийинкисинде сөзсүз ийгилик жылмаят.Ал эми калган спортчуларыбызга И Й Г И Л И К каалайбыз!!!
BarsBaatyr түзөттү 2016-08-15 15:38:38
15.08.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик Кыргызстан!!!
15.08.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нервке тийип учуп кеткендерди жаза бербегилечи
16.08.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Руслан созсуз утат, мен ишенем!
16.08.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох кудайга шүгүр жөнөкөй спортчуга туш келди, эми аракет кылса сөзсүз натыйжасын бериши анык... Эми ийгилик тилеп туралы.. Мелдешке биздин саат боюнча 19:05 те старт берилет
16.08.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-39
Мен жаман ой эмес,реально суйлойм. Эч ким утбайт. Озбектерге боле ть этели
16.08.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Izdeim_seni.,озун еле жок болуп кетесинби же жардам керекпи
17.08.2016. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Izdeim_seni.,озбекистанга барып жашада озбектерге болеть этсен
17.08.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,Ozbekmin~ELE desen
17.08.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izdeim_seni., Озбек менен Америка эн жаман коргон олком
16.08.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер Инфо силерге рахмат,түн дебей маалымат бергениңер үчүн,мага окшоп сидерди тиктеп отургандар көп болсо керек.
17.08.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээ Аллах Айсулууга куч кубат беррр
16.08.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
озбектер соодагер калк эле, кыргыздар баатыр эле, биздин балбандарга эмне болду((( Кошой бабабыздын урпактары каякта?
gordaya түзөттү 2016-08-16 10:57:04
16.08.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Руслан медаль алат буйруса
16.08.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жеңилгендерда мыкты ойношту,олимпиадага Кыргызстандын атынан чыгуу бул өзүнчө эле чоң сыймык,буюрса силердин ийгилигиңер алдыда,биз силерге ишенебиз,ар дайым силер м-н биргебиз, калган спортчуларбызга ийгилик каалайм!
16.08.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gordaya, Syper.kelin4ek, ZANIA-92, жеке билдирүүлөр купуяга!
16.08.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздики эмне болду
16.08.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Syper.kelin4ek,жеңилди
16.08.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tulpar90,женди
16.08.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээк эми эмне болот
16.08.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааагы женилдиби ??? чыдамым калбай баратат ! (((((
16.08.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женилиптир. Менин умутум узулдуго.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: