Япония сүт азыктарынын сапатын арттыруу максатында Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Есихиро Ямамура менен жолугушту. Министрликтен 10-августта билдиришкендей, элчи өз сөзүндө аталган министрликтин кызматкерлери Японияга барып билимин жогорулатуу үчүн жол ачык экенин айтты. Андан сырткары ал Япония өндүрүлгөн сүт азыктарынын сапатын арттыруу жана башка багыттар боюнча Кыргыз мамлекети менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
Жолугушууда айыл чарба багытында бир топ маалыматтар ортого салынып, Талас жана Ысык-Көл облустарында фитосанитардык лаборатория куруу пландалып жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.