super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Президенттик аппарат бийликти узурпациялап алган"

 

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев президенттин айланасындагылар, тактап айтканда, президенттик аппарат бийликти узурпациялап алганын бүгүн, 11-августта маалымат жыйынында айтты. Буга бир катар мисалдарды келтирди.

Анын пикиринде мындай тенденция акыркы 2 жылда байкалып жатат.

"Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мындай нерсени ачык далилдеген. Ал парламентте депутаттардын сынына кабылып, "мен силерге жооп бербейм, президентке жооп берем" деп айткан. Аны парламент шайлаган", - деди депутат.

Ошондой эле депутат Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдобой турганын кошумчалады.

"Конституцияны өзгөртүүнү колдобойм. Өзгөртүү жолу туура эмес болуп жатат, бирок референдум өтөт, эл добуш берет. Аргасыз добуш бердирүү ыкмасын ойлоп табышат. Биз 2010-жылы Конституцияны кабыл алууда шашылыш даярдасак, булар андан катуу шашып жатышат. Бирок анда 75 адамдан турган топ аябай ачык-айкын талкуулаганбыз", - дейт Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: