Ат-Башы районунда козу уурдаган жаран 5 жылга эркинен ажыратылды
Ат-Башы районунда козу уурдаган жаран 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын октябрь айында 1978-жылы туулган М.Токтобек кой кайтарып жүрүп коңшу сарайда жашаган К.О. аттуу малчынын эки козусун койлоруна кошуп алган. Кийин эки козуну 3 миң сомдон сатып жиберген. Ошондой эле 2016-жылдын январь айында К.Онун мал сарайынан бир козусун уурдап чыгып, аны да сатып жиберген. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, иш Ат-Башы райондук сотуна жөнөтүлгөн. Райондук сот 13-апрелдеги өкүмү менен М.Токтобекти 5 жылга эркинен ажыратып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси (шарттуу соттоо) менен 2 жыл сынак мөөнөтүн чектеди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кыйратыптыр козу уурдаганы учун беш жылга камап!
Бизде аябай эле адилеттуу соттор иштейт да..
Миллиондорду жегендерди сот камоого шашылбайт, болушсо кое берем деп. 3 козу уурдаган адам сотко эмне бере алат, сот козу эмес кочкорду пара корбой турганда...
Бизде адилеттуулук жок, козу, тоок уурдагандар камалат да Кыргызстанды талкалап саткандар журот б
Эми бир козу учун! Кудай сактаа!…