super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Текебаев бийликтин короосуна таш ыргытты

 

Бүгүн, 11-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы. Депутат бүгүн маалымат жыйынында "президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты бийликти ээлеп алды", “Конституция чыныгы муктаждыкка жараша эмес, президенттин тегерегиндеги адамдардын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлгөнү жатат" деп билдирди. Эң узак убакыттан бери саясатта жүргөн Текебаевдин мындай билдирүүсү бийликти тынч уктаттыра койбойт. Чачыранды, аты бар, заты жок оппозиция азыр лидери жок бир-бирден "сынып" жаткан учуру. Эгерде бийлик тактикасын өзгөртпөсө, анда оппозиция Текебаевге лидерликти сунуштап, келерки жылда өтүүчү президенттик шайлоого бата бериши мүмкүн. Окуянын мындай нукта өнүгүүсү бийлик үчүн өтө опурталдуу, анткени ажонун канатына калкаланып жаткандар бийликке оппозиция келсе башка жакта жатып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан жакынкы күндөрү бийлик менен оппозициянын ортосундагы "согуш" Текебаевди өздөрүнө тартуу үчүн жүрөт. Бирок бийликте "Б" планы да бар экени талашсыз. Ал план – Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартып, күчүн мураскер операциясына жумшоо. Бийлик үчүн коркунучтуу жери – уктап жаткан оппозицияны кайра "уктатууга" кеч болуп калышы мүмкүн.

Бийликтин шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү демилгесин экс-президент Роза Отунбаева дагы айыптап чыкты. Конституцияга 2020-жылга чейин кол тийбеши керектигин, ушундай өзгөрүүлөргө 2010-жылы адамдар өмүрүн арнаганын айтып: “20 жыл президенттик башкаруудагы Конституция менен жашадык. Ал жарабайт экен деп, парламенттик Конституцияга өттүк. Эми дагы бул жарабайт экен, башкача кылалы десек, анда бул укуктук чөлкөмдү бузат”, - деди. Ошентип, Атамбаевдин Апрель окуясына чейинки революциялаш достору ага каршы чыгышты. Бири президентти тегерегиндеги адамдардан сак болууга чакырса, экинчиси Атамбаевди бийликке алып келген 2010-жылкы кандуу окуяны эскертип өттү...

Нарын облусунун Ат-Башы районунда кой уурдаган жаран 5 жылга эркинен ажыратылды. Жогорку Соттун бүгүнкү маалыматына таянсак, 2015-жылдын январында жергиликтүү тургун айылдашынын 1 козусун уурдап сатып жиберген. Буга чейин ошол эле жарандын 2 козусун уурдаганы айтылат маалыматта. Бул кылмышы үчүн Ат-Башы райондук соту быйыл жазында аны 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бул окуя сот тармагынын азыркы абалынын белгиси. Эл арасында айтылып жүргөн “тоок уурдаган тутулат, миллиондорду жеп койгондор кутулат” деген кептин далилине айланды өңдөнөт, анткени алгач оор кылмыштарга айыпталып, кийин айып пул төлөп абактан бошотулуп же шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандар көп. Экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Урмат Аманбаева жана башкалар мисал. Уурулукту колдоо эмес, болгону оор кылмыштарга айыпталгандар менен 3 козуну уурдаган адамга чыгарылган сот чечимдеринин айырмасы сотторго жана “көз карандысыз” делген соттордун кээде айыпталуучулардын статусуна карап чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берген Кылмыш-процессуалдык кодекстин мүчүлүштүктөрүнө күмөн ойлорду ого бетер күчөтөт. "Мыйзамдын күчү карапайым адамдарга гана жетет" деген сөз мындай фактылар менен бышыкталып отурат. Ушундай окуялардан кийин элде сот адилеттүүлүгүнө ишеним болобу?..


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: