super.kg logo

Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган “Кырчын айылы” этношаарчасы ачылат

 

4-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган “Кырчын айылы” этношаарчасынын расмий ачылышы болот. Оюндарды өткөрүү катчылыгынан 12-августта маалымдашкандай, этношаарча Бишкек, Ош шаарлары жана жети облус тарабынан ар бири 25 боз үйлүк болгон 9 көчмөн конушунан турмакчы. Борбордук аянтчадагы подиумда борбордук жана эң чоң "Хан ордо" боз үйү, анын жанына ардактуу конокторго арналып эки боз үй, "Хан ордонун" эки тарабынан кароочу мунара, флагштоктор жана бута мунарасы орнотулат.

Калган боз үйлөрдү шашылыш жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын, атайын жана укук коргоо кызматтарынын, саламаттыкты сактоо кызматынын штабдары, чет элдик жана жергиликтүү ММКлар үчүн пресс-борбор ээлейт.

Чет элдик делегациялар үчүн боз үйлөр шаарчасынын аянтында атайын аянтча бөлүнөт. Ал жакта алардын өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук турак жайларын орнотушмакчы. Дагы бир аянтчада шаарчага келгендер үчүн 60 боз үй тигилип, анда коомдук тамактануу пункттары жана соода-сатык уюштурулат.

Оюндардын уюштуруучулары аянты 87 429 чарчы метр болгон унаа токтотуучу жайды да камыздашууда. Ал “Кыргыз айылы” этношаарчасына жакын жерде болот.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
12.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз кундору калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: