super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Боомдогу көчкүлөр карта ойногон чиновниктерди коркута албайт

 

Бүгүн, 12-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Боом капчыгайындагы кырсыктар Транспорт жана жол министрлигине эми жетти. 11-августта министрликтин коллегиялык жыйынында транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров Балыкчы-Бишкек жолунун курулушунда мүчүлүштүктөр кеткенин айтып, жолдун айрым бөлүктөрүнө түтүктөр коюлбай калгандыктан жамгырдан кийин жолду суу каптап жатканын билдирди. “Бул кимдин күнөөсү – куруучулардыкыбы же долбоордук уюмдукубу?” деп кайра суроо узатты министр. Өкмөттүн абалы ушундай. Боом капчыгайындагы кырсыктан июль айынын соңунда 1 адамдын өмүрү кыйылды, көптөгөн кооптуу учурлар жаралды. Расмий маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери трассага 7 жолу таш түшкөн. Трассаны суу каптап жатышы, жолго түшүп жаткан көчкүлөр курулуштагы кемчиликтердин кесепети экени элде айтылып эле жүрөт. Жооптуу министрлик азыркыга чейин жол куруудагы катачылык кимден кеткенин билбегени кызык. Ушунча убакыттан бери күнөөлүү тарапты таап, мүчүлүштүктү жойбой эмне кылып жүрдү? Көрсө, министрликтин кызматкерлери карта ойноодон колдору бошобой жатыптыр. Айдаров жыл башынан бери кол алдындагы 12 кызматкерине дисциплинардык эскертүү бергенин айтып: “Биз министрликтин кызматкерлеринин эртеден кечке компьютерден карта ойноп отуруусуна жол бербейбиз”, - деди. Булар күнөөлүүнү издеп тапкыча капчыгайда дагы канча адамды көчкү басып каза болору белгисиз. Жол жүрүүчүлөрдүн Боомду аралап өтөрдө тобокел кылуудан башка айласы калбады...

Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевди “адамдар менен сүйлөшкөндү билбеген “тряпка” деп атап, улгайган адамды коркуткан Расул Алимов аттуу жаран камакка алынды. Белгилей кетсек, кечээ интернетке белгисиз адам орус улутундагы аял менен кайым айтышып, аны сөгүп, ага кошо президентти, милиция кызматкерлерин кемсинткен сөздөрдү айтканы тартылган видео тараган эле. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жабырлануучунун жазган арызынын негизинде аталган жаранга “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Кармалган адам тийиштүү берененин “жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыптарды же алсыз абалдагы адамды мазактаган” пункту боюнча күнөөлөнүүдө. Негизи, уруш үстүндө адамдар ачууга алдырып кээде орой, ыплас сөздөр айтылып кетери талашсыз. Ал эми уруш үстүндө айтылган сөздөр үчүн адамдарды кылмыш жообуна тарткан учурлар сейрек кездешет. Ошондуктан айрымдар аталган жарандын камакка алынышын аялды коркутууга эмес, өлкө жетекчисинин кадыр-баркына шек келтирүү иш-аракетине байланыштырууда. Видеодон айыпталып жаткан жаран президент боюнча “Ал ким болуп калыптыр? Тааныбайм, керек болсо ал мени таанысын!” дегенин көрүүгө болот. Балким, ушул жагдай укук коргоо органдарын ыкчам кыймылга келтиргендир...

2011-жылдан бери президенттин ар-намысын коргоого байланышкан кандай окуялар болду? Айрымдарын мисал кылалы. 2014-жылдын январында Ош шаарынын мэрин шайлоо маалында Оштун борбордук аянтындагы митингде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдылда Капаров шайлоо процессине нааразы болуп президенттин портретин өрттөп жиберген. Бул факт боюнча ага кылмыш иши козголгону белгилүү. Ал эми "2010-жылкы Июнь окуясы боюнча президенттин аброюна шек келтирди" делинип айрым журналисттерге ири суммада айып салынган. Иштин төркүнү аял менен кайым айтышууда эмес, башкада болсо, анда жаңы кармалган шектүү көпкө түшүшү мүмкүн...

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине туптуура 1 жыл болду. Буга карабай кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн уюмдан күткөн үмүтү акталбай келет, Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай жатат. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы ветеринардык көзөмөлдү алууга тийиштүү бардык иштерди жасаганын, бирок Орусия менен Казакстан керектүү жабдууларды бербей кечиктирип жатканын айтууда. Инспекция башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Орусия 1,8 миллион долларлык жабдуу берүү, Казакстан акчалай колдоо көрсөтүү убадасын аткарбай жатат. Ветеринардык көзөмөлдүн алынышы аталган өлкөлөрдүн жардамынан көз каранды экени белгилүү болду.

2015-жылы Евразиялык экономикалык уюмга кирүүдө айтылган убадалар эске түшөт. Ошол кездеги экономика министри Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык посттор 2016-жылдын августунда ачыларын, Евразиялык экономикалык союзда 4 эркиндик болорун айткан. Алар: капитал, товар, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстары кыймылынын эркиндиги. “Биринчи кезекте кыргызстандык эмгек мигранттары утат, алар Евразиялык экономикалык союздун аймагында эркин жүрүү укугун алышат. Экинчиден, Казакстан менен Орусиянын базарларына продукциясын ташыган кыргызстандык ишкерлер жеңиште болушат”, - деген эле. Бүгүн ким жеңип, ким жеңилип жатканын убакыт көрсөтүүдө. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев болсо “Бажы союзунун дагы бир пайдасы – заводдор курулуп, жаңы жумуш орундары пайда болот. Мунун натыйжасында айлык жогорулайт” деген. Күйүүчү майлар арзандап, айыл чарбасы дүркүрөп өнүгөрү убадаланган. Бир жыл жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берди, бул жыргал жашоодон азырынча дайын жок. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев быйыл 31-майда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанадагы жыйынында ветеринардык текшерүүнү алуу зарылдыгын белгилеген, бирок талаптар аткарылбаган бойдон калууда. Дыйкан-фермерлердин болсо союздун жеңилдиктеринен үмүтү өчүүдө, анткени Казакстан өлкөбүздүн жашылча-жемиштерин өз аймагына киргизүүгө тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн 11-августта Сочи шаарына барган. Балким, ветеринардык көзөмөл көйгөйү ушул жыйында бир жаңсыл болор...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: