super.kg logo

Ошто 3 адамдын өлүмүнө шектелген жаран 20 жылдан кийин соттолду

 

Ошто 3 адамдын өлүмүнө шектелген жаран 20 жылдан кийин соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ош облустук сотунан билдиришти.

Окуя 1996-жылдын 5-июлунда Ош шаарында болгон. Анда 1969-жылы туулган Р.З.Саттикулов шериктери Х.Токбаев жана М.Токбаева менен кылмыш жасоо жөнүндө алдын ала макулдашып, Ош шаарынын С.А. аттуу тургунунун үйүндө 1934-жылы туулган Д.В.П., 1964-жылы туулган К.Ю., 1965-жылы туулган Л.И.Пны балта менен чапкылап өлтүрүшүп, жансыз денелерин сууга таштап жиберишкен. Мындай ишке алардын 26 миң сомун алуу үчүн барышкан.

Бул боюнча Х.Токбаев жана М.Токбаева кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Р.З.Саттикуловдун кайда экени белгисиз болгондуктан айыбы сыртынан угузулган.

2015-жылдын 4-ноябрында издөөдө жүргөн Р.З.Саттикулов кармалып, кылмыш иши жандандырылган. Ал эми 2016-жылдын 17-июлунда Ош шаардык соту аны өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Жогоруда аталган ишти Ош облустук сотунун Жазык жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясы 9-августта карап, Ош шаардык сотунун 17-июлдагы өкүмү өзгөртүлгөн. Облустук соттун чечимине ылайык, Р.З.Саттикуловдун жазасы 20 жылга төмөндөтүлүп, өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо Токтобаевтер камалган жокпу
12.08.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бул кыргыз милициясынын ар бир кылмышкерге жада калса 20жыл издеп болсо да таап жазасын адилеттуу турдо берип жатат деген РЕКЛАМАБЫ? Же озулорунун авторитетин которуубу... же чын эле кылмышты тапкынча тынбай иштеп, аракет кылып жатышабы?! андай болсо молодцы!!! а бирок кээ бир кылмыштарчы корсо да кормоксон болгон же Кызыл жол менен жоноткондорчу?? ЖооПсуЗ СурОоЛор
alaibekovich түзөттү 2016-08-12 17:20:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: