super.kg logo
  Саясат  

25 миллион долларга инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган келишимге кол коюлду

 

Бүгүн, 12-августта Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Инвестициялык климатты жакшыртуу – подпрограмма-2" программасы боюнча 25 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Документтерге кол коюу аземинен кийин каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДиганга Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарын баса белгиледи.

Анын айтымында, 1992-жылдан баштап Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 1,4 миллиард доллардан ашык жардам берген. Аталган каражаттар транспорт, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу сыяктуу тармактарды өнүктүрүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: