super.kg logo

Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлерине 220 батирлүү үй салынат

 

Бүгүн, 12-августта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары, күч органдарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Мэр Айтмамат Кадырбаев бул багыттагы жумуштар мындан ары да уланып, жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар экенин айтып, күч түзүмдөрүнө кубаттуулукту жана кайраттуулукту каалады.

Ал эми Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошовдун айтымында, капсула салынган үй 12 кабаттуу болуп, мыкты кызматкерлерге бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, 220 батирлүү 12 кабаттуу үй 2017-жылдын күз айларында бүтөт. Көп кабаттуу үй өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Сметалык баасы 302 миллион сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.08.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уй буткондон кийин. Уйу жоктор эмес наборот уйлуу жайлуу генерал майорлор талап тоноп болуп алышат
14.08.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
leilekstan_1987, ооба туура айттын, KICB банктын жанындагы домду так ушундай кылышты. Жалан эле чондору, уйлуу-жайлуулары алып коюшту. Эфирге калп эле мен паланча жылдан бери квартирада жашайм деп бироосун суйлоттуруп койду и все.
13.08.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйу жоктор эн жогорку этажынан 1 болмолуу алышат байкуштар. Ал эми эн элитка делген этаждан 3 комнаталууну шефтер,шефтердин кошоматчылары алат.
13.08.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баякы 12 этаж кыйшый куйшук уй салгандай кылбай, туз салсын эми...
13.08.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hihikayu,туура эле айтып жатасыз мен кошулам.... Кобунчо окмот курган уйлор сапатсыз болот себеби курдурган адамдар озулору жашабайт да
13.08.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй салынып эле жатат.салынып эле жатат.экиден уй алгандары деле бар. Блатнойлор эки уч ай иштеп коюп деле алып жатышат.
Мугалим.врачтарга деле салышпайбы.
14.08.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим, врачтарга качан салынат?
14.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салган менен сапаты жок, ошого корогон кайран акчалар. Бул да чондордун чонтогун толтуруунун бир булагы да, коррупциянын булагы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: