Боом капчыгайында 16-августтан 25-августка чейин жол кыймылы чектелет
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) 16-августтан 25-августка чейин тоодон атайылап таш түшүрүү иштери жүрөт. Маалыматты 15-августта Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.
Таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүрүп, бул учурда жолдон автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ал эми түшүрүлгөн ташты тазалоо учурунда унаалар жолдун бир тарабынан өткөрүлүп турары айтылды. Аталган багытта жол жүрүүчүлөр мындай чектөөлөр болорун алдын ала эске алганы оң. Белгилей кетсек, Боом капчыгайында улам таш түшүп жол жүрүүчүлөргө кооптуулук жаратууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.